# Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2016-жылдын 2-мартындагы № 21\\3 "Кыргыз Республикасынын Эсептѳѳ палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бѳлγнγшγнγн 07.12.2015-жыл № 01-08-1271 “Кара-Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн 2015-жылга жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышы боюнча кемчилдиктер жѳнγндѳгγ” эскертγγсγн кароо жѳнγндѳ" токтому

- Толук аталышы: Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2016-жылдын 2-мартындагы № 21\\3 "Кыргыз Республикасынын Эсептѳѳ палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бѳлγнγшγнγн 07.12.2015-жыл № 01-08-1271 “Кара-Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн 2015-жылга жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышы боюнча кемчилдиктер жѳнγндѳгγ” эскертγγсγн кароо жѳнγндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21/3
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290183>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-35908/edition/798592/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2016-жылдын 2-мартындагы № 21\\3 "Кыргыз Республикасынын Эсептѳѳ палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бѳлγнγшγнγн 07.12.2015-жыл № 01-08-1271 “Кара-Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн 2015-жылга жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышы боюнча кемчилдиктер жѳнγндѳгγ” эскертγγсγн кароо жѳнγндѳ" токтому (02.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290183

---

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин жыйырма биринчи сессиясынын (V шайланган) жыйналышы

2016-жылдын 2-марты № 21\\3 Кыргыз Республикасынын Эсептѳѳ палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бѳлγнγшγнγн 07.12.2015-жыл № 01-08-1271 “Кара-Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн 2015-жылга жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышы боюнча кемчилдиктер жѳнγндѳгγ” эскертγγсγн кароо жѳнγндѳ Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук кеңешинин социалдык-маданий, билим берγγ, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык ѳнγгγγнγн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 25.02.2016-жыл № 1\\3 «Кыргыз Республикасынын Эсептѳѳ палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бѳлγнγшγнγн 07.12.2015-жыл № 01-08-1271 “Кара-Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн 2015-жылга жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышы боюнча кемчилдиктер жѳнγндѳгγ” эскертγγсγн кароо жѳнγндѳгγ» протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктук негизги-принциптери жѳнγндѳгγ» Мыйзамынын, «Кыргыз Республикасынын жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнγндѳгγ» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын 29.04.2002-жыл № 76 “Бухгалтердик эсеп жѳнγндѳгγ” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 16.05.2011-жыл № 224 “Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу жѳнγндѳгγ типтγγ” Жобонун талабына ылайык жγргγзγγ жагы Кара-Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын милдетин аткаруучу А. Жороевге жана айыл ѳкмѳтγнγн финансы-экономикалык бѳлγмдγн башчысынын милдетин аткаруучу О. Кожоновага тапшырылсын.

2. Кара-Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн 2015-жылга жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышында кемчилдикке жол берилгендиги γчγн Кара-Кулжа айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын милдетин аткаруучу А. Жороевго эскертγγ берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Кара-Кулжа айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басары А. Мойдуновага жγктѳлсγн.

Төрага

А. Абдыкадыров
