# Кең-Арал айылдык кеңешинин 2016-жылдын 21-майындагы № 11 "Кең-Арал айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кең-Арал айылдык кеңешинин 2016-жылдын 21-майындагы № 11 "Кең-Арал айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-35879/edition/798459/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кең-Арал айылдык кеңешинин 2016-жылдын 21-майындагы № 11 "Кең-Арал айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому (21.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290154

---

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 21-майы № 11 Кең-Арал айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” 451 сандуу токтомуна ылайык Кең-Арал айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;

2. Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн каттоодо 300дөн 1000ге чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу, эки бошотулган кызматкер аскердик-эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (2 штаттык бирдик) бекитилсин.

3. Бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша Бакай-Ата райондук каржы бөлүмү (Саманчиева Г.) тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кең-Арал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н. Бейшеналиевага жүктөлсүн.

Төрага

И. Изаканов
