# Гүлчө айылдык кеңешинин 2016-жылдын 18-июнундагы № 30/7 "Гүлчө айылындагы № 67 кесиптик лицейинин атын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Гүлчө айылдык кеңешинин 2016-жылдын 18-июнундагы № 30/7 "Гүлчө айылындагы № 67 кесиптик лицейинин атын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30/7
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-35847/edition/798379/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Гүлчө айылдык кеңешинин 2016-жылдын 18-июнундагы № 30/7 "Гүлчө айылындагы № 67 кесиптик лицейинин атын өзгөртүү жөнүндө" токтому (18.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290122

---

ГYЛЧѲ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Гүлчө айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 30-заседаниеси

2016-жылдын 18-июну № 30/7 Гүлчө айылындагы № 67 кесиптик лицейинин атын өзгөртүү жөнүндө Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 мыйзамынын 8-беренесинин негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айылындагы № 67 кесиптик лицейинин аты өзгөртүлүп Райымкулов Жумаш атындагы № 67 кесиптик лицей деп аталсын.

2. Гүлчө айылындагы № 67 кесиптик лицейинин атын Райымкулов Жумаш атындагы № 67 кесиптик лицей деп атоону Алай райондук мамлекекеттик администрациясынын колдоосуна сунушталсын.

3. Гүлчө айылындагы № 67 кесиптик лицейдин аты өзгөрүлүп Райымкулов Жумаш атындагы № 67 кесиптик лицей деп аталгандыгына байланыштуу анын юридикалык документтерин тактоо, мөөр жана штамптарды өзгөртүү жагы лицейдин директору Ж. Мурзалиевге тапшырылсын.

4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Ш. Жапанов
