# Талды-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 13-июнундагы № 24/3 "Арча-Булак айылындагы 1984-жылы (финский) жыгач материалдан курулган № 44 негизи мектебинин имаратынын абалын кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Талды-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 13-июнундагы № 24/3 "Арча-Булак айылындагы 1984-жылы (финский) жыгач материалдан курулган № 44 негизи мектебинин имаратынын абалын кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24/3
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290111>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-35836/edition/798706/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Талды-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 13-июнундагы № 24/3 "Арча-Булак айылындагы 1984-жылы (финский) жыгач материалдан курулган № 44 негизи мектебинин имаратынын абалын кароо жөнүндө" токтому (13.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290111

---

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Талды-Суу айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIII заседаниеси

2016-жылдын 13-июну № 24/3 Арча-Булак айылындагы 1984-жылы (финский) жыгач материалдан курулган № 44 негизи мектебинин имаратынын абалын кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 118-мыйзамына ылайык Талды-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-жылдын 18-июнь күнү чыгарган комиссиянын кортундусунун негизинде Арча-Булак айылында 1984-жылы (финский) жыгач материалдан курулган № 44 негизги мектебин бузуп алып салып, оордуна бала-бакчанын жаңы имаратын курууну Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы И. Жумаевге тапшырылсын.

2. Мектептен чыккан жарактуу материалдарды базар баасынан арзан баада каалочуларга сатып, акча каражаттын айыл өкмөтүнүн атайын эсебине (спец счетуна) төктүрүү жагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн каржы үнөмдө бөлүмүнүн башчысы А. Эргешовго милдеттендирилсин.

Төрага

Б. Абдраманов
