# Талды-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 18-февралындагы № 23/8 "Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Арча-Булак айылына ФАП куруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Талды-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 18-февралындагы № 23/8 "Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Арча-Булак айылына ФАП куруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 23/8
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-35830/edition/798920/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Талды-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 18-февралындагы № 23/8 "Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Арча-Булак айылына ФАП куруу жөнүндө" токтому (18.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290105

---

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Талды-Суу айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIII заседаниеси

2016-жылдын 18-февралы № 23/8 Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Арча-Булак айылына ФАП куруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 118-Мыйзамынын 2-беренесинин 7-пунктарына ылайык Талды-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Арча-Булак айылына ФАП куруу үчүн 0,08га жер бөлүнүп берилсин.

2. Жогорудагы жерди мыйзамдаштыруу жагы Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн жана Алай райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнөн суралсын.

3. Архитектуранын көрсөтмөсүнүн негизинде туура жайгаштыруу, көрсөтүү, мыйзам чегинде аткаруу жагы Талды-Суу айыл өкмөтγнүн жер адиси Т. Кадыровго жүктөлсүн.

4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

Төрага

Б. Абдраманов
