Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Талды-Суу айылдык кеңешинин «Талды-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында эпизотикалык абалды турукту кармоо жөнүндө» токтому
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Талды-Суу айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIII заседаниеси
2016-жылдын 18-февралы № 23/7 Талды-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында эпизотикалык абалды турукту кармоо жөнүндө “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтому менен бекитилген “Акы төлөнүүчү кызматтарга (жумуштарга) тарифтерди (бааларды) түзүү ыкмасы жөнүндө” жобонун жана Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмүнүн 8-апрель 2014-жылдагы № 4/21 буйругунун негизинде Талды-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдин жеке менчик малдарын (бруцеллез, шарп, эхиноккоз, оспа) ж.б. жугуштуу ооруларды болтурбоо максатында өз мезгилинде эмдөөлөрдү жасап туруу жагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору Т. Султановго тапшырылсын.
2. Айыл арасындагы жолбун иттерди атып жок кылып туруу, атылбаган иттерди ревакцинациядан өткөрүп, алвеококкоз, эхинококкоз ооруларына каршы препратор менен дарылап турууну Талды-Суу айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору Т. Султановго милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы жугуштуу ооруларга каршы вакциналар менен камсыздап туруу жагы Алай райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы Т. Шерботоевден суралсын.
4. Ар бир айылдын тургундары өзүнүн карамагындагы малдарын өз убагында эмдөөдөн өткөрүп туруу жагы жана ветеринардык кызмат акысын белгиленген прескурант боюнча төлөнүп берүү жагы милдеттендирилсин.
5. РВФКББнын ит кармоо боюнча берилген сунушу бекитилип берилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талды-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жана Талды-Суу айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору Т. Султановго милдеттендирилсин.
Төрага
Б. Абдраманов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 10.12.1997 · № 90
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-октябрындагы №596 "Акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн ыкмасы жөнүндө" тартибиПорядок · 26.10.2000 · № 637