# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 625-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 315-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 625-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 315-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 625-р
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/29001>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4970/edition/1181816/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/29001.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 625-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 315-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин) буйругу (23.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/29001

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 23-декабры № 625-б Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 203 Жарлыгы менен бекитилген 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 315-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планынын 6.4-пунктунда:

- "Чаралар/аракеттер" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Бүтүрүүчүлөрү тийиштүү билим деңгээли жана квалификациясы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ ала турган светтик билимге жана диний компонентке ээ колледждин пилоттук моделин түзүү";

- "Күтүлүүчү натыйжалар/индикаторлор" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Окугандар сапаттуу светтик жана диний билим алышат. Колледждин бүтүрүүчүлөрү светтик жогорку кесиптик же диний багыттагы билим берүү уюмдарында окуганга мүмкүнчүлүк алышат".

Премьер-министр

Т. Сариев
