# Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жылдын 16-майындагы № 8 (Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы № 134-б буйругуна ылайык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү тармагында бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдалануу карата «Көзөмөлчүлүк кеңешин» түзүү жөнүндө) токтому

- Толук аталышы: Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жылдын 16-майындагы № 8 (Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы № 134-б буйругуна ылайык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү тармагында бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдалануу карата «Көзөмөлчүлүк кеңешин» түзүү жөнүндө) токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/290005>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-35730/edition/786805/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жылдын 16-майындагы № 8 (Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы № 134-б буйругуна ылайык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү тармагында бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдалануу карата «Көзөмөлчүлүк кеңешин» түзүү жөнүндө) токтому (16.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/290005

---

КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 14-сессиясы

2016-жылдын 16-майы № 8 Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы № 134-б буйругуна ылайык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү тармагында бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдалануу карата «Көзөмөлчүлүк кеңешин» түзүү жөнүндө Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 6-майындагы № 88-б буйругун карап талкуулап чыгып айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Коюн айыл аймагында мектепке чейинки жана жалпы билим берүү тармагында бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамын түзүүгө карата тандоочу комиссия курамы төмөндөгүдөй түзүлсүн;

1. Карагулов Молдобай -а\\кеңештин депутаты

2. Ыймаков Жолдошбек -а\\кеңештин депутаты

3. Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү

4. Апысов Алишер -демилгечи топтун башчысы

5. Кенжекараев Аскар -демилгечи топтун башчысы

6. Осмоналиев Бакытбек -а\\ө жооптуу катчысы

7. Тентимишова Айзат -а\\ө соц.адис

8. Токтомушев Марсбек -айыл башчы

9. Токушева Фарида -а\\ө бухгалтери

2. Түзүлгөн комиссия курамына массалык маалымат каражаттарына Көзөмөлдөөчү кеңештин курамын тандоого карата сынак жарыялоо жана сынакка катышкандардан Көзөмөлдөөчү кеңештин курамын тандоо жана түзүү милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Таштанов Рустамга тапшырылсын.

Төрага

М. Карагулов
