# 51-статья. Улуттук архив фондунун өзгөчө баалуу жана уникалдуу документтери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/288)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 22-октябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 22.11.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 апреля 2023 года № 95 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112581)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 27 апреля 2023 года № 95 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112581); 22.02.2013 [Закон КР от 22 февраля 2013 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203836)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/288#diff=1251126..1251127>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-274/edition/1251121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/288/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө, 51-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-51

---

Улуттук архив фондунун документтерин өзгөчө баалуу документтердин, анын ичинде уникалдуу документтердин катарына кошуу тартиби, мындай документтерди эсепке алуу жана сактоо, алардын камсыздандыруу көчүрмөлөрүн түзүү жана сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Караңыздар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-октябрындагы № 483 "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин өзгөчө баалуу, уникалдуу документтерге киргизүү, аларды эсепке алуу жана сактоо, алардын камсыздандыруучу көчүрмөлөрүн түзүү жана сактоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому Өзгөчө баалуу жана уникалдуу документтер архивдин адистештирилген документтерди сактоого оптималдуу шарттар түзүлгөн сактоочу жайларында сакталат. Бул документтердин камсыздандыруу көчүрмөлөрү милдеттүү тартипте түзүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралындагы № 29, 2023-жылдын 27-апрелиндеги № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-5)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-6)
