# 4-статья. Улуттук архив фондунун курамы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/288)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 22-октябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 22.11.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 февраля 2013 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203836)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.02.2013 [Закон КР от 22 февраля 2013 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203836); 24.02.2006 [Закон КР от 24 февраля 2006 года №62 " О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1850); 18.06.2005 [Закон КР от 18 июня 2005 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/13604)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/288#diff=1251124..1251125>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-274/edition/1251121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/288/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө, 4-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-4

---

Улуттук архив фонду Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде иштеген жана азыр да иштеп жаткан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын менчигинин түрүнө карабастан, иш процессинде түзүлгөн документтерден турат. Буга: жогорку жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын, прокуратуранын, соттордун, улуттук коопсуздук, ички иштер, коргоо органдарынын жана алардын окуу жайларынын, нотариаттын, загстардын; өнөр жай, айыл чарба жана экономиканын башка тармактарынын ишканаларынын; илим, маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, кинематография, телекөрсөтүү, радио жана басма сөз мекемелеринин башка киновидеофотофоночыгаруучу ишканалардын жана уюмдарынын; саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин, кесиптик жана чыгармачыл союздардын, кооперативдик жана башка уюмдардын; диний уюмдардын; Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашып келген же азыр жайгашып турган ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын; Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардын алдындагы өкүлчүлүктөрүнүн; мамлекет карамагына алган архивдердин; жеке менчик архивдердин документтери; мамлекеттин менчигине мыйзамдуу негизде түшкөн башка документтер; Улуттук архив фондуна ошондой эле мамлекеттин менчигине түшкөн башка документтер, Кыргыз Республикасынын чегинен тышта сакталып турган жана эл аралык келишимдерге ылайык кайра берилүүгө тийиш болгон архивдик документтер кирет. Улуттук архив фонду ошондой эле юридикалык жактардын менчигиндеги, жарандардын жеке менчигиндеги, ошондой эле башка мамлекеттен түшкөн баалуу документтерди тартуулоо, мурастоо, сатып алуу жолу менен да толукталат. Улуттук архив фондунун документтери мамлекеттин маалымат ресурстарынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана башка маалымат ресурстары менен катар мыйзам тарабынан корголот. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июнундагы № 79, 2006-жылдын 24-февралындагы № 62, 2013-жылдын 22-февралындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июнундагы № 79 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги текстке дал келбейт Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 24-февралындагы № 62 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги текстке дал келбейт

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-5)
