# 32-статья. Улуттук архив фондунун документтеринин сакталышына, катталышына жана пайдаланылышына мамлекеттик контроль жана көзөмөл

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/288)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 22-октябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 22.11.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-274/edition/1251121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/288/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө, 32-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-32

---

Мамлекеттик архив кызматынын мекемелери, министрликтер, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар жана бардык жеке жактар Улуттук архив фондунун документтерин сактоону, каттоону жана пайдаланууну камсыз кылуу боюнча милдеттерин аткарышына мамлекеттик контролду мамлекеттик бийлик органдары ишке ашырат. Кыргыз Республикасынын архив иши жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдарынын сакталышына, атайын эрежелерде жана нускамаларда белгиленген документтер менен иштөө ченемдеринин жана принциптеринин сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүү мамлекеттик архив кызматынын системасында түзүлгөн атайын ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт. Мамлекеттик бийлик органдары өздөрүнүн отурумдарында тийиштүү аймакта жайгашкан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иш кагаздарын жүргүзүү жана документтердин сакталышын камсыз кылуу менен байланышкан маселелерди кароого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-33)
