# 31-статья. Мамлекеттик архив кызматы. Анын ишинин милдеттери жана негизги багыттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/288)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 22-октябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 22.11.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июня 2005 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/13604)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/288#diff=1251122..1251123>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-274/edition/1251121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/288/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө, 31-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-31

---

Мамлекеттик архив кызматын архив ишин башкаруучу органдар жана архив мекемелери түзөт. Архив ишин башкаруу органдарына жана алардын мекемелерине Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн документтерин сактоо, сакталышын камсыз кылуу, борбордоштуруп мамлекеттик каттоого алуу, документтерди комплектөө, аларды пайдалануу, белгиленген тартипте жарыялоо, ошондой эле башкаруу ишин документтештирүүнүн азыркы учурдагы системаларын иштеп чыгуу жана колдонуу, мамлекеттик органдарда, менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иш кагаздарынын абалына жана жүргүзүлүшүнө контролду сактоону камсыз кылуу, бул ишти уюштурууда, кадрларды даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда аларга усулдук жардам көрсөтүү боюнча милдеттер жүктөлөт. Мамлекеттик архив кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын аймагында менчигинин түрүнө, ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке адамдар тарабынан кимдин жараны экендигине карабастан архив иши боюнча мыйзамдардын кынтыксыз сакталышына контроль жүргүзөт. Архив ишин башкаруу органдарынын архивдердин ишинин маселелери жана иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу боюнча чечимдери жана көрсөтмөлөрү бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп саналат. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-32)
