# 29-статья. Улуттук архив фондунун документтеринде камтылган маалыматты укуктук жактан коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/288)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 22-октябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 22.11.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июня 2005 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/13604)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.06.2005 [Закон КР от 18 июня 2005 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/13604); 23.07.2002 [Закон КР от 23 июля 2002 года N 127 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1084)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/288#diff=1251122..1251123>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-274/edition/1251121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/288/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө, 29-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-29

---

Улуттук архив фондунун документтеринде камтылган маалыматтарды коргоо максатында мамлекетик жана ведомстволук архивдер жарандарга Улуттук архив фондунун документтеринин көчүрмөлөрүн берүүдө аларды пайдалануу шарттарын белгилөөгө укуктуу. Жекече түзүлгөн архивдик документтин авторлоруна жана алардын мурастоочуларына аталган документтер чектөөсүз пайдалануу үчүн берилет. Мамлекеттик архивге түшкөн жеке менчик архивдин документтери менен иштөө үчүн пайдалануучу анын ээсинен же мураскеринен алган жазуу жүзүндөгү уруксатын көрсөтүүсү керек. Маалыматты пайдалануучуларга документтерди китеп, факсимильдик басылма, микрографиялык көчүрмө түрүндө жарыялоо, документтердин көргөзмөсүн уюштуруу фильмдерди жаратуу, аудиодокументтерди радиодон угузуу,, телекөрсөтүү боюнча көрсөтүү жолу менен пайдалануу укугу берилет. (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 127, 2005-жылдын 18-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июнундагы № 79 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги текстке дал келбейт

VIII ГЛАВА. АРХИВ ИШИН ЖАНА ДОКУМЕНТТЕРДИ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-30)
