# 27-статья. Улуттук архив фондунун документтерин пайдалануу эрежелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/288)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 22-октябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 22.11.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 апреля 2021 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112209)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.04.2021 [Закон КР от 12 апреля 2021 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112209); 22.02.2013 [Закон КР от 22 февраля 2013 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203836); 18.06.2005 [Закон КР от 18 июня 2005 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/13604)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/288#diff=1251125..1251126>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-274/edition/1251121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/288/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө, 27-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-27

---

Улуттук архив фондунун документтери мамлекеттик жана ведомстволук архивдерге сактоого түшкөн учурдан тартып пайдалануу үчүн ачык. Ар бир жеке адам жана юридикалык жак мамлекеттик архивдин документтерин пайдаланууга укуктуу. Жарандардын жана юридикалык жактардын мүлктүк укуктарына тиешелүү архивдик маалымдамалар негизги ээлерине гана же болбосо алардын ишеним каты же соттун талабы боюнча берилүүгө тийиш. Мамлекеттик архивдерде Улуттук архив фондунун документтерин пайдалануу эрежелери ушул мыйзамдын негизинде архив ишин башкаруучу республикалык орган тарабынан, ал эми министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, административдик ведомстволордо, ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда сакталып турган Улуттук архив фондунун документтерин пайдалануу тартиби - архивдердин ишинин колдонуудагы эрежелерине ылайык ушул юридикалык жактардын башкаруу органдары тарабынан аныкталат. Архив мекемелери архивдик документтерде камтылган жана мыйзам тарабынан корголгон мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык жана башка сырды сактоого милдеттүү. Архивдик документтерди пайдаланууну чектөөгө төмөндөгү учурларда жол берилет:

а) мамлекеттик сырдын ачыкка чыгып кетишине алып келиши мүмкүн болсо;

б) архивдик документтердин сакталышына зыян келтириши мүмкүн болсо (мындай учурда түп нусканын ордуна көчүрмө берилет);

в) болуп саналган жарандардын жеке кызыкчылыгына зыян келтирсе.

Калган учурларда архив документтерин пайдалануудан баш тартууга жол берилбейт. Улуттук архив фондунун мамлекеттик, коммерциялык же кызматтык сырды камтыган документтерин пайдаланууга чектөө киргизүү улуттук коопсуздук органдарынын документтерин (улуттук коопсуздук органдарынын документтерин пайдаланууга чектөө оперативдүү маанисин жоготкон мезгилден тартып 75 жылга чейинки мөөнөткө белгиленет) кошпогондо, документтер түзүлгөн учурдан тартып 30 жылга чейинки мөөнөткө белгиленет. Жашыруун сактоонун 30 жылдык мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу же мамлекеттин мыйзам актыларынын негизинде өзүнүн жашыруун мүнөзүн жоготкон Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн документтеринин жашыруундук белгисин өзгөртүү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык мамлекеттик архив кызматынын системасындагы Архивдик документтердин жашырындуулугун алып салуу боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан мекемелер, мамлекеттик музейлер жана китепканалар, ведомстволук архивдер тарабынан жүргүзүлөт. Архив документтеринин ээлери (түзүүчүлөрү) болуп саналган жарандар алардын мазмунун жарыя кылбоону шарттоого же аларды пайдаланууну 75 жылга чейинки мөөнөткө чектөөгө укуктуу. Мамлекеттик архивдерге түшкөн жеке менчик архивдердин документтерин пайдаланууга чектөө киргизүү мөөнөтү аларды берген жарандар тарабынан шартталышы мүмкүн, бирок берилген учурдан тартып 75 жылдан ашпоого тийиш. Документтер сактоого берилгенде бул документтердин ээси (түзүүчүсү) кайсы маалыматтарды жарыя кылууга болбой тургандыгын мамлекеттик архивге жазуу жүзүндө эскертүүгө тийиш. Архив документин пайдалануучу, эгерде бул документти пайдаланууга мыйзамда чек коюлбаса, документтин сакталган жерине шилтеме берүү менен архив документин жарыялоого, окуп берүүгө жана башкача түрдө пайдаланууга укуктуу. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июнундагы № 79, 2013-жылдын 22-февралындагы № 29, 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 52 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июнундагы № 79 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги текстке дал келбейт

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-28)
