# 26-статья. Улуттук архив фондунун документтерин пайдалануу боюнча архивдик мекемелердин ишинин негизги багыттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/288)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 22-октябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 22.11.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 апреля 2023 года № 95 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112581)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/288#diff=1251126..1251127>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-274/edition/1251121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/288/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө, 26-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-26

---

Республиканын архив мекемелери коомдун, мамлекеттин жана жарандардын муктаждыктарын канааттандыруу максатында Улуттук архив фондунун документтеринде камтылган маалыматтарды пайдаланууну мамлекеттик, чарбалык, саясий, илимий жана маданий милдеттерди чечүүдө пайдаланылышы мүмкүн болгон Улуттук архив фондунун документтери жөнүндө юридикалык жана жеке жактарга маалымат берүү; документтердин көчүрмөлөрүн жана справкаларды берүү; электрондук маалымат ресурстарын түзүү; маалымат каражаттарында Улуттук архив фондунун документтерин жарыялоо; документтердин жыйнактарын басып чыгаруу; иликтөө жана пайдалануу үчүн документтерди басып чыгаруу; документтердин көргөзмөлөрүн уюштуруу; Улуттук архив фондунун документтеринин курамы жана мазмуну жөнүндө маалымдамаларды басып чыгаруу жолу менен ишке ашырат. Мамлекеттик жана ведомстволук архивдер тарабынан берилген документтердин көчүрмөлөрү жана андан алынган көчүрмөлөр түп нускалардын юридикалык күчүнө ээ. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 27-апрелиндеги № 95 Мыйзамынын редакцияына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-27)
