# 23-статья. Жарандардын менчигиндеги Улуттук архив фондунун документтеринин сакталышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/288)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 22-октябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 22.11.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-274/edition/1251121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/288/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө, 23-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-23

---

Жеке менчигинде Улуттук архив фондунун документтери болгон жеке адамдар алардын сакталышын камсыз кылышат жана камсыздандыруу көчүрмөлөрүн алуу үчүн аларды архив мекемелерине беришет. Бул документтер ээлигинен ажыратыларда менчиктөөчү аны сатып алууга артыкчылык укугу бар мамлекеттик архив мекемелерине бул туурасында кабарлайт. Эгерде аталган документтердин ээси аларды сактоо шарттарын түзүү боюнча мамлекеттик архив кызматынын көрсөтмөсүн аткарбаса, ошондой эле бул документтерди сатып алууга мамлекеттик архив мекемелеринин артыкчылык укугун бузуу менен документтерди ээсинен ажыраткан учурда мамлекеттик архив кызматынын мекемелери бул документтерди мамлекеттик сактоого берүү жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-24)
