# 22-статья. Улуттук архив фондунун документтеринин сакталышын камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/288)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 22-октябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 22.11.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 февраля 2013 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203836)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.02.2013 [Закон КР от 22 февраля 2013 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203836); 18.06.2005 [Закон КР от 18 июня 2005 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/13604)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/288#diff=1251124..1251125>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-274/edition/1251121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/288/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө, 22-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-22

---

Мамлекеттик органдар, мамлекеттик архив кызматынын мекемелери, менчигинин түрү мамлекеттик эмес юрдикалык жактар жана архив документтерин менчиктөөчүлөр (түзүүчүлөр) болуп саналган жарандар архив документтерин тиешелүү илимий-маалымат аппараты менен иреттелген абалда сактоого, бул документтердин сакталышын камсыз кылууга, архивдердин имарат жайларын тийиштүү тартипте кармоого, алардын кайтарылышын уюштурууга, архив документтерин сактоо үчүн зарыл болгон технологиялык режимди колдоого, документтердин камсыздандыруу көчүрмөлөрүн жана пайдалануу фондуларын түзүүгө милдеттүү. Сактоо талаптарына жооп бербеген жайларга архив документтерин жайгаштырууга тыюу салынат. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июнундагы № 79, 2013-жылдын 22-февралындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-23)
