# 21-статья. Улуттук архив фондунун документтерин мамлекеттик каттоого алууну уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/288)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 22-октябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 22.11.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 апреля 2021 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112209)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.04.2021 [Закон КР от 12 апреля 2021 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112209); 22.02.2013 [Закон КР от 22 февраля 2013 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203836); 18.06.2005 [Закон КР от 18 июня 2005 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/13604)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/288#diff=1251125..1251126>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-274/edition/1251121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/288/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө, 21-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-21

---

Улуттук архив фондунун документтери кайсы жерде сакталганына карабастан фонддор (коллекциялар), эсеп бирдиктери жана сактоо бирдиктери боюнча борбордоштуруп мамлекеттик каттоого алынууга тийиш. Мамлекеттик архивдердин топтоо булактары - мекемелердин архивдери жана документтерди туруктуу сактоо укугуна ээ ведомстволук архивдер белгиленген тартипте архив документтеринин көлөмү жана сактоо шарттары жөнүндө статистикалык отчет берип турууга милдеттүү. Улуттук архив фондунун документтерин мамлекеттик каттоого алуунун тартиби архив ишин башкаруунун республикалык органы тарабынан белгиленет. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июнундагы № 79, 2013-жылдын 22-февралындагы № 29, 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 52 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-22)
