# 20-статья. Юридикалык жактарды кайра уюштурууда же жоюуда жана менчик ээсин жоготууда архивдик документтерди менчиктөө укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/288)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 22-октябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 22.11.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 апреля 2021 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112209)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.04.2021 [Закон КР от 12 апреля 2021 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112209); 22.02.2013 [Закон КР от 22 февраля 2013 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203836); 18.06.2005 [Закон КР от 18 июня 2005 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/13604)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/288#diff=1251125..1251126>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-274/edition/1251121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/288/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө, 20-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-20

---

Мамлекеттик ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды кайра уюштурууда же жоюуда же фондду кармоочу документтердин сакталышын камсыз кыла албаган учурда, алардын документтик фондулары укук жолдоочуларга, же жогору турган уюмдун архивине ал эми алар жокто мамлекеттик архивдерге сактоого берилет. Документтерди жана мүлктү берүү үчүн түзүлгөн комиссиялардын курамына мамлекеттик архив кызматынын өкүлдөрү жана башка юридикалык жактардын адистери кирет. Мураскору болбогон менчиктин мамлекеттик эмес түрүндөгү ишканалар, мекемелер жана уюмдар жоюлган мезгилде, алардын илимий-тарыхый баалуулугу бар документтери жана өздүк курамы боюнча документтери мамлекеттик архивге сакталууга өткөрүлүшү керек. Ар кайсы ишкананын, мекеменин, уюмдун жоюлушу, алардын документтеринин сакталуучу жайы тууралу мамлекеттик архивдин корутундусу болгондо гана жүзөгө ашырылат. Менчик ээсин жоготкон же менчик ээси соттук тартипте бул документтерди менчиктөө укугунан ажыраган илимий-тарыхый баалуулугу бар архивдик документтер мамлекеттик архивге берилет. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июнундагы № 79, 2013-жылдын 22-февралындагы № 29, 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 52 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

V ГЛАВА. УЛУТТУК АРХИВ ФОНДУНУН ДОКУМЕНТТЕРИН МАМЛЕКЕТТИК КАТТООГО АЛУУ ЖАНА САКТАЛЫШЫН КАМСЫЗ КЫЛУУ

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-21)
