# 2-статья. Архивдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/288)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 22-октябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 22.11.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июня 2005 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/13604)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/288#diff=1251122..1251123>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-274/edition/1251121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/288/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө, 2-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-2

---

Мамлекеттик, ведомстволук архивдер, менчигинин түрү мамлекеттик эмес юридикалык жактардын архивдери жана жеке адамдардын менчик архивдери - архивдердин негизги түрлөрү болуп саналат. Архив документтерин пайдалануучулардын кызыкчылыгы үчүн бул документтерди кабыл алып жана туруктуу сактаган мамлекеттик архив мекемеси мамлекеттик архив катары түшүнүлөт. Өз ишканасында, мекемесинде жана уюмунда документтерди белгилүү мөөнөткө сактаган мамлекеттик ишкананын, мекеменин жана уюмдун же алардын структуралык бөлүмдөрүнүн архиви ведомстволук архив катары түшүнүлөт. Архивдик документтерди кабыл алган жана туруктуу сактаган архивдер менчигинин түрү мамлекеттик эмес юридикалык жактардын архиви катары түшүнүлөт. Жеке адам, үй-бүлө же бир уруктагылар түзгөн же мыйзамдуу негизде сатып алган (сатып алышкан) жана анын (алардын) ээлигинде турган архивдик документтердин комплекси жеке менчик архив катары түшүнүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июнундагы № 79 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги текстке дал келбейт

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-12)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-3)
