# 18-статья. Улуттук архив фондунун документтерин туруктуу мамлекеттик сактоого берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/288)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 22-октябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 22.11.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 апреля 2021 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112209)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.04.2021 [Закон КР от 12 апреля 2021 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112209); 22.02.2013 [Закон КР от 22 февраля 2013 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203836); 18.06.2005 [Закон КР от 18 июня 2005 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/13604)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/288#diff=1251125..1251126>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-274/edition/1251121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/288/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө, 18-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-18

---

Улуттук архив фондунун документтерин министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, административдик ведомстволордо, мамлекеттик комиссияларда, мамлекеттик ишканаларда, бирикмелерде жана уюмдарда ушул Мыйзамдын 17-статьясында белгиленген сактоо мөөнөтү бүткөндө, бул документтер, сөзсүз түрдө атайын архивдик кутуларда, папкаларда, тубустарда, алардын эсебинен иреттелип, белгиленген тартипте толукталып, тиешелүү илимий-маалымат аппараты менен мамлекеттик архивге туруктуу сактоого өткөрүлүүгө тийиш. Электрондук документтер менен кошо, керектүү учурларда аларды кайра жаздыруу үчүн программалык каражаттар да өткөрүлөт. Мамлекеттик менчик түрүндөгү аудиовизуалдык продукцияларды иштеп чыгаруучулар өз продукциясынын бирден нускасын сөзсүз түрдө мамлекеттик сактоого акысыз өткөрүүгө милдеттүү. Улуттук архив фондунун документтерин мамлекеттик архивдерге туруктуу сактоого өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын архив иштери боюнча мыйзамдарында аныкталат. Мамлекеттик түзүмдөрдүн катышуусу менен түзүлгөн эл аралык уюмдардын, биргелешкен ишканалардын документтери, эгерде эл аралык келишимде башкача каралбаса, мамлекеттик архивдерге сакталууга өткөрүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июнундагы № 79, 2013-жылдын 22-февралындагы № 29, 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 52 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-17)  
Кийинки берене: [181-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-181)
