# 17-статья. Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн документтерин комплектөө булактары бар уюмдарда убактылуу сактоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/288)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 22-октябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 22.11.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 апреля 2023 года № 95 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112581)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 27 апреля 2023 года № 95 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112581); 12.04.2021 [Закон КР от 12 апреля 2021 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112209); 22.02.2013 [Закон КР от 22 февраля 2013 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203836); 18.06.2005 [Закон КР от 18 июня 2005 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/13604)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/288#diff=1251126..1251127>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-274/edition/1251121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/288/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө, 17-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-17

---

Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн документтери мамлекеттик архивдерге туруктуу сактоого берилгенге чейин кызматтык, илимий жана башка максаттарда пайдалануу үчүн, ошондой эле жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдарда, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда сакталат. Бул документтерди сактоо жана алар менен иш жүргүзүү үчүн ведомстволук архивдер түзүлөт, алар атайын имарат жайлар, жабдуулар, адистер жана зарыл окуу-методикалык адабияттар менен камсыз кылынат. Ведомстволук архивдерде документтерди сактоонун төмөндөгүдөй чектүү мөөнөттөрү белгиленет: жогорку мамлекеттик органдардын, республикалык маанидеги ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын мамлекеттин менчигинде турган документтери үчүн - 15 жыл; областтык баш ийүүдөгү жергиликтүү аткаруу жана тескөө органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын документтери үчүн - 10 жыл, шаардык жана райондук баш ийүүдөгүлөр үчүн - 5 жыл; илимий техникалык документация үчүн - 25 жылга чейин; мамлекеттик сактоого өткөрбөй туруп, жарандык абалдын актыларынын жазуулары жана метрикалык китептер үчүн - 100 жыл, өздүк курам боюнча документтер үчүн - 60 жыл, нотариалдык иш-аракеттер үчүн - 75 жыл; аудиовизуалдык документтер үчүн - көчүрүү аяктагандан кийин, телерадио берүүлөр үчүн - эфирге чыккандан кийин, машина окуучу документтер үчүн - 3 жыл. Мамлекеттик архив кызматынын мекемелери келишим түзүү аркылуу Улуттук архив фондунун документтерин сактоо мөөнөттөрүн өзгөртө алышат. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июнундагы № 79, 2013-жылдын 22-февралындагы № 29, 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 52, 2023-жылдын 27-апрелиндеги № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-18)
