# 16-статья. Улуттук архив фондунун документтерин сактоо тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/288)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 22-октябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 22.11.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 апреля 2021 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112209)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.04.2021 [Закон КР от 12 апреля 2021 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112209); 22.02.2013 [Закон КР от 22 февраля 2013 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203836); 24.02.2006 [Закон КР от 24 февраля 2006 года №62 " О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1850); 18.06.2005 [Закон КР от 18 июня 2005 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/13604)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/288#diff=1251125..1251126>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-274/edition/1251121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/288/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө, 16-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-16

---

Улуттук архив фондунун документтерин туруктуу сактоону мамлекеттик архивдер, улуттук коопсуздук, баңгизаттарды контролдоо боюнча, коргоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу, ички иштер, тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын ведомстволук архивдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана анын мекемелери жүзөгө ашырат. Мекемелер ошондой эле тармактык фонддордун - геологиянын жана минералдык ресурстардын, жерге жайгаштыруунун, геодезиянын жана картографиянын, стандартташтыруунун жана метрологиянын, патенттин, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун өзгөчө документтерин туруктуу сактоону да жүзөгө ашырат. Улуттук архив фондунун документтери, ошондой эле мамлекеттин менчигиндеги архив мекемелеринин имарат жайлары менчиктештирилүүгө жатпайт. Улуттук архив фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн документтерин туруктуу сактоону мамлекеттик музейлер, китепканалар, менчигинин түрү мамлекеттик эмес болгон юридикалык жактар жана жеке жактар ишке ашырышы же мамлекеттик архив кызматынын мекемелери менен макулдашуу боюнча аларды мамлекеттик архивдерге сактоого бериши мүмкүн. Мамлекеттик музейлерди жана китепканаларды, ошондой эле коомдук, диний бирикмелердин жана уюмдардын архивдерин, менчик архивдерди Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн түп нуска документтери менен комплектөөгө тыюу салынат. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июнундагы № 79, 2006-жылдын 24-февралындагы № 62, 2013-жылдын 22-февралындагы № 29, 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 52 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 24-февралындагы № 62 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги текстке дал келбейт

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-17)
