# 14-статья. Менчигинин түрү мамлекеттик эмес юридикалык жактардын документтерин менчиктөө укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/288)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 22-октябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 22.11.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-274/edition/1251121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/288/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө, 14-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-14

---

Менчигинин түрү мамлекеттик эмес юридикалык жактардын менчиги болуп саналган архивдик документтер Улуттук архив фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүн түзөт жана алардын ээлигинде, пайдалануусунда жана тескөөсүндө болот. Аталган архивдик документтердин менчик ээлери өздөрүнө таандык болгон архивдик документтерди ыктыярдуу башталышта акысыз түрдө же белгилүү өлчөмдөгү акыга мамлекеттин менчигине берүүгө же аларды мамлекеттик архивдерде убактылуу сактоого укуктуу. Мамлекеттик архивдерге убактылуу сактоого документтерди берүүдө бул документтердин ээлери аларды менчиктөө укугун сактап калышат жана аларды сактоо боюнча ыгым-чыгымдарды мамлекеттик архивдерге компенсациялап берет. Менчиктөөчүнүн документтерди берүүсүнүн, пайдалануусунун тартиби жана сакталышы үчүн акы төлөөнүн өлчөмү мамлекеттик архив менен документтердин ээсинин ортосунда түзүлгөн макулдашуу менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-15)
