# 11-статья. Негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/288)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 22-октябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 22.11.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 апреля 2023 года № 95 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112581)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 27 апреля 2023 года № 95 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112581); 22.02.2013 [Закон КР от 22 февраля 2013 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203836)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/288#diff=1251126..1251127>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-274/edition/1251121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/288/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө, 11-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-11

---

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: архив - архивдик документтерди сактоону, комплектөөнү, эсепке алууну жана пайдаланууну жүзөгө ашырган мекеме же уюмдун түзүмдүк бөлүмү; Кыргыз Республикасында архив иши (мындан ары - архив иши) - Улуттук архив фондунун документтерин сактоону, комплекттөөнү, эсепке алууну жана пайдаланууну уюштуруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана жарандардын иши; архив документи - аны идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү реквизиттери бар, жарандар, коом жана мамлекет үчүн маалыматтын маанилүүлүгүнөн улам сакталууга жаткан маалымат жазылган материалдык алып жүрүүчү; негизги иш боюнча документтер - алар түзүлгөн учурдан тартып жоюлганга чейинки мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын негизги ишин чагылдыруучу архивдик документтер; өздүк курам боюнча документтер - кызматчынын жумуш берүүчү менен эмгек мамилелерин чагылдыруучу архивдик документтер; Улуттук архив фондунун документи - мамлекеттик эсепке алынган жана катталууга жаткан документтин баалуулугу экспертизадан өткөн архивдик документ; өзгөчө баалуу документ - көөнөргүс маданий-тарыхый жана илимий маанилүүлүгү, коом жана мамлекет үчүн өзгөчө мааниси бар жана ага карата эсепке алуунун, сактоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген улуттук архив фондунун документи; уникалдуу документ - өзүндө камтылган маалымат жана (же) анын белгилери боюнча теңдеши жок, жоготулса өз маанисинин жана (же) автографиялуулугунун көз карашынан калыбына келтирилгис өзгөчө баалуу документ; электрондук документ - электрондук формада, башкача айтканда электрондук эсептөө машиналарын пайдалануу менен адамдын түшүнүүсү үчүн жарамдуу болгудай түрдө берилген документтештирилген маалымат; электрондук кол тамга - электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) аны менен логикалык жактан байланышкан жана анын атынан маалыматка кол коюлган адамды аныктоо үчүн пайдаланылуучу электрондук формадагы маалымат; фонд (коллекция) - бири-бири менен тарыхый же логикалык жактан байланышкан архивдик документтердин жыйындысы; илимий-маалымдама аппарат - документтерди жана документтик маалыматтарды издөө үчүн арналган архивдик маалымдамалардын (делолордун тизими, каталогдор, фонддор боюнча жол көрсөткүчтөр, документтердин баяндамасы), маалыматтар базасынын комплекси; электрондук архив - маалымат электрондук түрдө жазылган архив; Улуттук архив фондунун документтерин туруктуу сактоо - документтерди мөөнөтүн аныктабастан (мөөнөтсүз) сактоо; документтерди убактылуу сактоо - документтерди ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттүн ичинде жок кылынганга чейин сактоо; Улуттук архив фондунун документтерин убактылуу сактоо - мекемелер тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген тартипте Улуттук архив фондунун документтерин аларды мамлекеттик архивге сактоого өткөрүп бергенге чейин сактоо; документтердин баалуулугуна экспертиза жүргүзүү - документтерди сактоо мөөнөтүн аныктоо жана аларды Улуттук архив фондунун курамына киргизүү үчүн тандап алуу максатында алардын баалуулугунун критерийлеринин негизинде документтерди изилдөө; архивдик документтерди тартипке келтирүү - архив ишин башкаруунун республикалык органы тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык архивдик документтерди сактоо бирдиктерине (делого) түзүү боюнча иштердин комплекси; архивдик документтердин менчик ээси - архивдик документтерге ээлик кылууну, пайдаланууну жана мыйзамда же келишимде белгиленгендердин чегинде аларды тескөө боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же болбосо юридикалык же жеке жак; архивдик документтерди пайдалануучу - маалыматты пайдалануу максатында аны алуу үчүн архивдик документтерге кайрылуучу жеке же юридикалык жак; электрондук документтин автору - электрондук документти түзгөн жеке же юридикалык жак. (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралындагы № 29, 2023-жылдын 27-апрелиндеги № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-1)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-12)
