# 10-статья. Өздүк курам боюнча документтер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/288)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 22-октябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 22.11.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 апреля 2023 года № 95 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112581)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/288#diff=1251126..1251127>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-274/edition/1251121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/288/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө, 10-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-10

---

Мамлекеттик органдар, менчигинин түрү мамлекеттик эмес ишканалар, мекемелер, уюмдар, юридикалык жактар жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында өздүк курам боюнча документтерди жүргүзүүгө жана белгиленген мөөнөттөрдө сактоого милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 27-апрелиндеги № 95 Мыйзамынын редакцияына ылайык)

11-статья. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жердеги тарыхый мурастар жөнүндө

Мамлекет өзүнүн аймагынын чегинен тышкары жердеги тарыхый мурастарды түзгөн документтерди кайтарып келүүгө карата чара көрөт, топтолгон жана тарыхый жактан Кыргыз Республикасы менен байланышкан документтерди издөөнү жана кайтарып келүүнү кубаттайт жана каржылайт.

III ГЛАВА. УЛУТТУК АРХИВ ФОНДУНУН ДОКУМЕНТТЕРИН МЕНЧИКТӨӨ УКУГУ

12-статья. Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүндөгү документтерди менчиктөө укугу

Улуттук архив фондунун мамлекеттик курамына кирген документтер сакталган жайына карабастан мамлекеттин менчиги болуп эсептелинет. Алар сатып алууга, сатып жиберүүгө, белекке тартулоого жана бөлөк менчикке өтүп кете тургандай башка аракеттердин объектиси боло албайт жана убактылуу пайдаланууга гана берилет. Документтердин түп нускасын мамлекеттик архивдерден чыгарып алууга тыйуу салынат. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июнундагы № 79, 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 52 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Берилген Мыйзамдын 12-статьясындагы абзацтардын саны расмий тилдеги текстин абзацтарынын санына дал келбейт

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-9)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-13)
