# 1-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/288)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 22-октябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 22.11.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-274/edition/1251121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/288/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө, 1-статья (30.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду (мындан ары Улуттук архив фонду) - бул Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн ар түрдүү этаптарында мамлекеттик, экономикалык, коомдук-саясий, социалдык-маданий чөйрөлөрдөгү иш процессинде түзүлгөн документтердин жыйындысы. Улуттук архив фондунун документтери элдин тарыхый жана маданий мурасы жана энчиси, анын документтештирилген тарыхы болуп саналат жана коом менен мамлекеттин муктаждыктарын канааттандырууга, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын жүзөгө ашырууга кызмат кылат. Улуттук архив фонду мамлекеттик архивдердин, ведомстволук архивдердин, менчигинин түрү ар кандай болгон юридикалык жактардын архивдеринин документтеринен, коомдук бирикмелер менен жеке адамдардын документтеринен түзүлөт.

---

Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/288/st-11)
