# КР Президентинин 1998-жылдын 9-октябры ПУ № 305 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясы жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 1998-жылдын 9-октябры ПУ № 305 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясы жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 305
- Кабыл алынган күнү: 09.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/2865>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-761/edition/448447/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/2865.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 1998-жылдын 9-октябры ПУ № 305 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясы жөнүндө" жарлыгы (14.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/2865

---

КР Президентинин 2013-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 140 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 1998-жылдын 9-октябры ПУ № 305 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясы жөнүндө (КР Президентинин 2000-жылдын 22-декабрындагы ПЖ № 363 Жарлыгына ылайык) Бажы төлөмдөрүн алуу боюнча бажы мекемелеринин ишин кыйла натыйжалуу уюштуруу үчүн шарт түзүү жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө бажы пошлиналарынын өз убагында төгүлүшүн камсыз кылуу, бажы иши жагындагы мамлекеттин контролдук функцияларын тартипке салуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясына кайра түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясы жөнүндөгү Жобону бекитсин;

- ушул Указдан келип чыккан мыйзам актыларынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте киргизсин;

- өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.

3. (КР Президентинин 2000-жылдын 22-декабрындагы ПЖ № 363 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 17-январындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети жөнүндөгү" Указы күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул Указ кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
