# НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 2017-жылдын 11-июлундагы № 4 "Нарын шаарындагы жаңы конуштардын көчөлөрүнө ат берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 2017-жылдын 11-июлундагы № 4 "Нарын шаарындагы жаңы конуштардын көчөлөрүнө ат берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 11.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/285009>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-35636/edition/860763/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 2017-жылдын 11-июлундагы № 4 "Нарын шаарындагы жаңы конуштардын көчөлөрүнө ат берүү жөнүндө" токтому (11.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/285009

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫ

2017-жылдын 11-июлу № 4 Нарын шаарындагы жаңы конуштардын көчөлөрүнө ат берүү жөнүндө Нарын шаардык мэриясынын 09.06.2017-жылдагы № 03/1086 жана Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын 24.04.2017-жылдагы № 01-7/276 сунуш каттары менен Нарын шаарынын Интернат, Ак-Коргон, Кызыл-Сарай, Кирпич завод, Сүрөт-Булак аймактарындагы жерлер турак жай салуу үчүн бөлүнүп берилген жаңы конуштардагы көчөлөргө ат берүүнү суранышкан. Жогоруда белгиленген аймактарга Нарын регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан башкы пландары чийилип атуулдарга жер кесилип, бүгүнкү күндө турак жай куруп, айрымдары жашап жатышат. Аталган аймактарда көчөлөрдүн аттары жок болуп, көйгөйлүү маселеге айланууда. Себеби жаңы конуштарда курулуш куруп жашап жаткан укук ээлери документ алууда, күрөөгө коюуда, жарандар биометрикалык паспортторду алууда көчөнүн даректери ыйгарылышы зарыл болууда. Интернат аймагындагы А.Аскаров көчөсүнө жанаша жайгашкан жаңы турак жай курууга бөлүнүп берилген эки көчө “А.Аскаров” №1, №2 кичи көчөсү (переулок), Кызыл-Сарай аймагындагы 4 көчөгө чыгыштан батышты карай “Ынтымак” көчөсү, Ак-Коргон аймагындагы жаңы турак жай курууга бөлүнүп берилген 4 көчөгө чыгыштан батышты карай “Ата конуш” көчөсү, Кирпич завод аймагындагы 2 көчөгө чыгыштан батышты карай “Ислам” көчөсү жана Нефтебаза аймагындагы 4 көчөгө чыгыштан батышты карай “Ала-Тоо” көчөсү деген аталыштагы аттарды көчөлөргө ыйгаруу маселеси тиешелүү комиссияда каралып, макулдук берүү маселеси сессиянын кароосуна сунушталды. Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын сунуш каттарынын жана туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Нарын шаарынын Интернат аймагындагы А.Аскаров көчөсүнө жанаша жайгашкан жаңы турак жай курууга бөлүнүп берилген эки көчөгө “А.Аскаров” №1, №2 кичи көчөсү (переулок) деп, Кызыл-Сарай аймагындагы жаңы турак жай курууга бөлүнүп берилген 4 көчөгө чыгыштан батышты карай “Ынтымак” көчөсү деп, Ак-Коргон аймагындагы жаңы турак жай курууга бөлүнүп берилген 4 көчөгө чыгыштан батышты карай “Ата конуш” көчөсү деп, Кирпич завод аймагындагы 2 көчөгө чыгыштан батышты карай “Ислам” көчөсү деп жана Нефтебаза аймагындагы 4 көчөгө чыгыштан батышты карай “Ала-Тоо” көчөсү деп атоого макулдук берилсин.

2. КР Өкмөтүнүн 22.10.2014-жылдагы «Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана Даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» № 610 токтомунун негизинде көчөлөрдүн аталышын, номерлерин тагуу мыйзам чегинде тиешелүү документтерин бүткөрүү Нарын регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын, Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жана Таза-Нарын муниципалдык ишканасынын жетекчилерине жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаарынын биринчи вице-мэрине тапшырылсын.

Төрага

Ж.Ботоканов
