# 9-статья. Электрондук төлөөлөрдүн коопсуздугуна карата талаптар

- Документ: [Электрондук төлөөлөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/284)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 6-ноябрындагы № 121 "Электрондук төлөөлөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 06.11.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 января 2015 года № 21 "О платежной системе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205425)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-270/edition/794165/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/284/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук төлөөлөр жөнүндө, 9-статья (21.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-9

---

1. Маалымат тутумуна санкцияланбаган кирүү коркунучун төмөндөтүү жана аны ишке жөндөмдүү абалда күтүү максатында, электрондук төлөөнүн катышуучулары контролдоонун жана кабарларды башка бирөөнүн алуусуна, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, аларды жоготуп жиберүүгө же жок кылууга каршы коргоонун белгиленген талаптарын сактоого, ошондой эле электрондук төлөө документтеринин аныктыгын тастыктоо боюнча белгиленген талаптарды аткарууга тийиш.

2. Электрондук төлөөлөрдү жүргүзүүдө маалыматтарды алмашуунун технологиялык процесстеринин бузулушуна, программалык камсыздоолорду пайдаланууга, автоматташтыруунун техникалык каражаттарын колдонууга, табигый жана жаратылыш факторлоруна жана башкаларга байланышкан коркунучтар келип чыгышы мүмкүн. Электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу учурунда келип чыккан коркунучтар боюнча жоопкерчилик келишимде каралат.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-10)
