# 8-статья. Электрондук төлөө документи

- Документ: [Электрондук төлөөлөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/284)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 6-ноябрындагы № 121 "Электрондук төлөөлөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 06.11.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 января 2015 года № 21 "О платежной системе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205425)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-270/edition/794165/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/284/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук төлөөлөр жөнүндө, 8-статья (21.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-8

---

1. Электрондук төлөө документи Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык толтурулган баштапкы кагаз жүзүндөгү төлөө документинин негизинде даярдалат.

2. Чекене төлөөлөрдү ишке ашырууда, кагаз жүзүндөгү баштапкы төлөө документтери катары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык даярдалган, төлөөнү жүзөгө ашырылышынын фактысын күбөлөндүргөн документтер (кассалык чектер, дүмүрчөк ж.б. у.с.) пайдаланылат.

3. Электрондук төлөө документи кагаз жүзүндөгү баштапкы төлөө документинин төлөөнү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон бардык реквизиттерин камтыйт, белгиленген форматта болууга жана электрондук цифралык кол тамга менен тастыкталууга тийиш.

4. Электрондук төлөө документи Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген формадагы электрондук төлөө документинен алынгандыгы жөнүндө ырастоо алынган учурдан тартып, берилген деп эсептелет.

5. Электрондук төлөө документинин негизинде электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кабыл алынган айрым ченемдик-укуктук актылар аркылуу жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-9)
