# 7-статья. Электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча макулдашууга же келишимге карата коюлуучу талаптар

- Документ: [Электрондук төлөөлөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/284)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 6-ноябрындагы № 121 "Электрондук төлөөлөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 06.11.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 января 2015 года № 21 "О платежной системе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205425)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-270/edition/794165/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/284/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук төлөөлөр жөнүндө, 7-статья (21.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-7

---

1. Электрондук төлөөлөр эсептешүүгө катышуучулардын ортосунда түзүлгөн макулдашуунун же келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Макулдашуу же келишим жүзүндө түзүлүүгө жана минимум дегенде төмөндөгү негизги элементтерди камтууга тийиш: эсептешүүдө колдонулган эсептешүү документтеринин түрү; электрондук төлөөлөрдү коргоо боюнча (коопсуздук тутуму) милдеттенмелерин камтыган, тараптардын укуктары жана милдеттери; электрондук төлөөлөрдү жөнөтүүнүн жана кабыл алуунун тартиби жана жол-жоболору; электрондук төлөө документтеринин аныктыгын тастыктоо жол-жоболору; берилген документтердин аныктыгынын тастыкталышын талап кылуусуз жүзөгө ашырылышы мүмкүн болгон, которулуп жаткан акча суммасынын чек коюлган өлчөмдөрү; операцияларды ишке ашыруу үчүн акынын өлчөмү; электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашырууда келип чыгуучу тобокелдиктер боюнча жоопкерчиликтердин бөлүштүрүлүшү; талаштуу маселелерди сот органдары аркылуу чечүү жол-жобосу жана ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана башка маселелер.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-8)
