# 6-статья. Электрондук төлөөлөрдүн укуктук статусу

- Документ: [Электрондук төлөөлөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/284)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 6-ноябрындагы № 121 "Электрондук төлөөлөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 06.11.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 января 2015 года № 21 "О платежной системе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205425)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-270/edition/794165/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/284/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук төлөөлөр жөнүндө, 6-статья (21.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-6

---

1. Тараптардын ортосундагы накталай эмес эсептешүүлөр электрондук төлөөлөр формасында жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Электрондук төлөөлөр макулдашуу же келишимдин негизинде, байланыш каналдары аркылуу жөнөтүүчүдөн алуучуга электрондук төлөө документтерин жөнөтүү менен жүзөгө ашырылат. Телефон каналдары, телеграф же телекс каналдары, радио каналдары жана спутник байланыш каналдары, ошондой эле мекемелердин өздөрүнүн өткөргүч жана кабелдик байланыш каналдары, байланыш каражаттары катары пайдаланылышы мүмкүн. Ушул Мыйзамга ылайык, электрондук төлөөлөр тутумунун катышуучусу болуп саналган жеке же юридикалык жак жөнөтүүчү жана (же) алуучу болушу мүмкүн.

3. Форматы боюнча белгиленген талаптарга жана аныктыгын тастыктоо жол-жоболоруна ылайык жүргүзүүнүн электрондук цифралык кол тамга менен бекемделген электрондук төлөө документи, коюлган талаптарга жараша күбөлөндүрүлгөн кагаз жүзүндөгү төлөө документтеринин түп нускасын юридикалык статусуна барабар юридикалык статуска ээ болот жана соттук жана башка талаш-тартыштарды кароодо далил катары каралууга тийиш.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-7)
