6-статья. Электрондук төлөөлөрдүн укуктук статусу
Күчүн жоготкон · 21.01.2015 редакциясы · II Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 января 2015 года № 21.
1. Тараптардын ортосундагы накталай эмес эсептешүүлөр электрондук төлөөлөр формасында жүргүзүлүшү мүмкүн.
2. Электрондук төлөөлөр макулдашуу же келишимдин негизинде, байланыш каналдары аркылуу жөнөтүүчүдөн алуучуга электрондук төлөө документтерин жөнөтүү менен жүзөгө ашырылат. Телефон каналдары, телеграф же телекс каналдары, радио каналдары жана спутник байланыш каналдары, ошондой эле мекемелердин өздөрүнүн өткөргүч жана кабелдик байланыш каналдары, байланыш каражаттары катары пайдаланылышы мүмкүн. Ушул Мыйзамга ылайык, электрондук төлөөлөр тутумунун катышуучусу болуп саналган жеке же юридикалык жак жөнөтүүчү жана (же) алуучу болушу мүмкүн.
3. Форматы боюнча белгиленген талаптарга жана аныктыгын тастыктоо жол-жоболоруна ылайык жүргүзүүнүн электрондук цифралык кол тамга менен бекемделген электрондук төлөө документи, коюлган талаптарга жараша күбөлөндүрүлгөн кагаз жүзүндөгү төлөө документтеринин түп нускасын юридикалык статусуна барабар юридикалык статуска ээ болот жана соттук жана башка талаш-тартыштарды кароодо далил катары каралууга тийиш.
Берененин тексти 21.01.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/284/st-6" title="6-статья - Электрондук төлөөлөр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>