# 4-статья. Электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүшкөн каржы мекемелеринин жана башка мекемелердин иши

- Документ: [Электрондук төлөөлөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/284)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 6-ноябрындагы № 121 "Электрондук төлөөлөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 06.11.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 января 2015 года № 21 "О платежной системе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205425)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-270/edition/794165/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/284/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук төлөөлөр жөнүндө, 4-статья (21.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-4

---

Электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүшкөн каржы мекемелери жана башка мекемелер: электрондук төлөө документтерин алмашып турушкан электрондук цифралык кол тамгалардын ээлерин, ошондой эле электрондук цифралык кол тамгаларды түзүүдө алар колдонулган каражаттарды жана электрондук төлөө документтеринин аныктыгын тастыктоо каражаттарын каттайт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөргө жана талаптарга ылайык, электрондук цифралык кол тамгаларды түзүүгө арналган каражаттардын эталондорун жана электрондук төлөө документтеринин аныктыгын тастыктаган күбөлүктөрдү, ошондой эле ошол каражаттардын документтеринин эталондорун сакташат;

- эксперт катары чыгышат жана электрондук төлөө документердин жардамы менен накталай эмес төлөөлөрдү жүзөгө ашырышкан юридикалык жана жеке жактардын сурамдары боюнча электрондук төлөө документтеринин аныктыгын тастыктоо боюнча корутундуларды беришет.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-5)
