# 3-статья. Электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу мамилелердин жөнгө салынышы

- Документ: [Электрондук төлөөлөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/284)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 6-ноябрындагы № 121 "Электрондук төлөөлөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 06.11.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 января 2015 года № 21 "О платежной системе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205425)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-270/edition/794165/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/284/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук төлөөлөр жөнүндө, 3-статья (21.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-3

---

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы республиканын төлөө тутумунун натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча мамилелерди жөнгө салууга байланышкан милдеттерди аткарат.

Өз милдетин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкүлөрдү белгилейт:

- электрондук төлөө документтеринин форматтарын белгилейт шифрлоо жана электрондук цифралык кол тамгалардын программалык-техникалык каражаттарына карата талаптарды, ошондой эле банктар аралык эсептешүү жол-жоболорун аныктайт;

- электрондук төлөөлөрдү жүргүзүүнүн коопсуздугун камсыз кылууга карата коюлган минималдуу талаптарды, коргоонун тигил же бул чараларынын колдонулушун, электрондук цифралык кол тамгаларды жана электрондук төлөө документтеринин аныктыгын тастыктоо жол-жоболорун белгилейт. Электрондук төлөөлөрдүн катышуучулары келишимдерде милдеттүү түрдө белгиленген (минималдуу) талаптардан тышкары, кошумча талаптарды белгилей алышат.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы республиканын аймагында электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызматтарды көрсөтүшкөн каржы мекемелерине жана башка мекемелерге лицензиялар берүүчү жана алардын ишин жөнгө салууну ишке ашырат.

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/284/st-4)
