10-статья. Электрондук төлөөлөрдүн корголушу
Күчүн жоготкон · 21.01.2015 редакциясы · III Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 января 2015 года № 21.
1. Электрондук төлөө документгерин берүү үчүн криптографиялык коргоонун сертификацияланган тутуму, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, электрондук төлөө документтеринин коопсуздугун камсыз кылууга карата белгиленген минималдуу талаптар сакталган жана башка коопсуздук чаралары пайдаланылууга тийиш.
Электрондук төлөөлөрдүн катышуучулары белгиленген минималдуу талаптардан тышкары, электрондук төлөөлөрдүн корголушуна байланыштуу кошумча каражаттарды жана ыкмаларды белгилеши мүмкүн.
2. Электрондук төлөөлөрдүн катышуучулары жөнөтүүчү купуялуу катары классификациялаган маалыматтарды камтыган которуулардын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык купуялуу катары аныкталган билдирүүлөрдүн жашырындуулугун камсыз кылууга тийиш.
Бул билдирүүлөрдү ачып окууга жана үчүнчү жакка берүүгө болбойт жана алар арналган максаттардан бөлөк, эч бир башка максаттарга пайдаланылбайт. Электрондук төлөөлөрдүн катышуучулары мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык сот, тергөө жана салык органдарынын сурамдары боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Электрондук төлөөлөрдүн катышуучулары коопсуздуктун жана купуялыктын белгиленген чараларын аткарбагандыктары же талаптагыдай эмес аткаргандыктары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана келишимде каралган жоопкерчиликке тартылышат.
Берененин тексти 21.01.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/284/st-10" title="10-статья - Электрондук төлөөлөр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>