# Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2009-жылдын 28-апрелиндеги №11 "Шаардык кеңештин иштөө Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2009-жылдын 28-апрелиндеги №11 "Шаардык кеңештин иштөө Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/28312>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-3367/edition/606642/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2009-жылдын 28-апрелиндеги №11 "Шаардык кеңештин иштөө Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому (28.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/28312

---

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги VI сессиясы

2009-жылдын 28-апрели №11 Шаардык кеңештин иштөө Регламентин бекитүү жөнүндө Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин жооптуу катчысынын шаардык кеңештин иштөө Регламенти, ага киргизген толуктоолор жөнүндө маалыматын угуп чыгып, шаардык кеңештин кезектеги VI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин иштөө Регламенти бекитилсин (1 -тиркеме).

2. Шаардык кеңештин 4-ноябрь 2008-жылдагы №1 токтому «Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылар жөнүндөгү» мыйзамынын 45 жана 54 беренелеринин талаптарына ылайык келбегендигине байланыштуу жокко чыгарылсын.

3. Шаардык кеңештин депутаттарына жана шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлерине иш жүргүзүүдө кабыл алынган Регламенттин негизинде иштөө жагы милдеттендерилсин.

4. Ушул токтомду Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Адылов) жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы төраганын орун басарына (К. Рахматуллаев) жүктөлсүн.

Төрага

Т. Энназаров
