# Бекмолдо айылдык кеңешинин 2017-жылдын 25-апрелиндеги №175 (Сасык-Булак айылынын тургуну Шаршеналиев Чолпон Жаныкуловичтин кайрылуу аразын кароо) токтому

- Толук аталышы: Бекмолдо айылдык кеңешинин 2017-жылдын 25-апрелиндеги №175 (Сасык-Булак айылынын тургуну Шаршеналиев Чолпон Жаныкуловичтин кайрылуу аразын кароо) токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/281798>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-35523/edition/763385/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бекмолдо айылдык кеңешинин 2017-жылдын 25-апрелиндеги №175 (Сасык-Булак айылынын тургуну Шаршеналиев Чолпон Жаныкуловичтин кайрылуу аразын кароо) токтому (25.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/281798

---

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз сессиясынын

2017-жылдын 25-апрели №175 Сасык-Булак айылынын тургуну Шаршеналиев Чолпон Жаныкуловичтин кайрылуу аразын карап көрүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 16- январындагы № 895-IV токтому менен бекитилген “Запастагы жерлерди түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө” жобону жана Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Убактылуу жобону жетекчилиқе алып, Бекмолдо айыл кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ”Боз-Дөбө” участкасынын № 1091 чөйрөсызыгындагы 0,40 га жер участогун “Запастагы жерлер” категориясынын жайыт жерлер түрүнөн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын мелиорациялык даярдоо стадиясында турган жерлер графасына алуу (көп жылдык бак-дарак) боюнча чечим түрүндө макулдук берилсин.

2. ”Жер участокторун которуу (трансфармациялоо) жөнүндө “Мыйзамдын 9 беренесинин 9 пунктуна ылайык жер участокторун бир категориядан башкасына же чарба жерлеринин башка түрүнө которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн даярдоо менен байланышкан иштерди жерди пайдалануучунун жеке каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.

Төрага

К. Орозалиев
