# Кеңеш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-июнундагы № 24-2 "Таза суу түтүктөрүн айыл өкмөтүнүн балансасына алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кеңеш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-июнундагы № 24-2 "Таза суу түтүктөрүн айыл өкмөтүнүн балансасына алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24-2
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/281675>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-35400/edition/769453/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кеңеш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-июнундагы № 24-2 "Таза суу түтүктөрүн айыл өкмөтүнүн балансасына алуу тууралуу" токтому (25.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/281675

---

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кеңеш айылдык кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы

2016-жылдын 25-июну № 24-2 Таза суу түтүктөрүн айыл өкмөтүнүн балансасына алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 02-февралындагы “Айылды суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп алуу тууралуу № 59-токтомун аткарууга алуу максатында «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 18-беренесинин 4-5- пунктуна, 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 14-пунктуна жана 6-бөлүмдүн 47-беренесинин 5-пунктуна ылайык Кеңеш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 02-февралындагы “Айылды суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп алуу тууралуу № 59 - токтомунун негизинде бардык айыл аймактагы таза суу түтүктөрү айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.

2. Таза сууга болгон төлөмдөр ар бир кожолукка 40 сом өлчөмүндө белгиленсин жана кырдаалга жараша өзгөртүүлөр киргизилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Анарбай уулу Амирбекке тапшырылсын.

Төрага

Ташбаев М.А.
