# Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2016-жылдын 17-августундагы № 10 «Айыл аймагындагы айылдарды таза суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин балансынан айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2016-жылдын 17-августундагы № 10 «Айыл аймагындагы айылдарды таза суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин балансынан айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/281633>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-35358/edition/746018/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2016-жылдын 17-августундагы № 10 «Айыл аймагындагы айылдарды таза суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин балансынан айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө» токтому (17.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/281633

---

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XI сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

2016-жылдын 17-августу № 10 «Айыл аймагындагы айылдарды таза суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин балансынан айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө» Таза суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин балансынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп алуу жөнүндөгү Кыргыз Өкмөтүнүн 2010-жылдын 02-февралындагы № 59 токтомун аткаруу максатында айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймагындагы айылдарды таза суу менен камсыздоо системалары ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин балансынан айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө (Т.Туйбаев) жана ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин жетекчилерине жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына тапшырылсын. (С.Алдраков)

Төрага

А. Беделов
