# Талдуу-Булак айылдык кеңешинин "2016-жылдын 9-апрели № 4 "Каба айылынын Кекилик участкасынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Талдуу-Булак айылдык кеңешинин "2016-жылдын 9-апрели № 4 "Каба айылынын Кекилик участкасынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 09.04.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/281571>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-35296/edition/786091/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Талдуу-Булак айылдык кеңешинин "2016-жылдын 9-апрели № 4 "Каба айылынын Кекилик участкасынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө" токтому (09.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/281571

---

ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

2016-жылдын 9-апрели № 4 Каба айылынын Кекилик участкасынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июну N 45 “Жер кодексинин” 8-беренесинин 3-пунктун, Кыргыз Республикасынын Жогоку кеңешинин 2007-жылдын 29-июнунан N 1997-III токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобону” жетекчилике алып, Каба айылынын Кекилик участкасынын тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Талдуу- Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талдуу-Булак айылдык аймагынын кекилик участкасындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин шалы эгилүүчү аянтка торук өткөрүү токтотулуп, конкурстук негизде пайдаланууга берилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб-сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Акматкуловко жүктөлсүн.

Төрага

Б. Матишев
