# Талдуу-Булак айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-февралындагы № 6 "Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы, К. Акматкуловдун билдирүүсү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Талдуу-Булак айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-февралындагы № 6 "Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы, К. Акматкуловдун билдирүүсү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 25.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/281567>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-35292/edition/786235/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Талдуу-Булак айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-февралындагы № 6 "Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы, К. Акматкуловдун билдирүүсү жөнүндө" токтому (25.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/281567

---

ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

2016-жылдын 25-февралы № 6 Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы, К. Акматкуловдун билдирүүсү жөнүндө Талдуу- Булак айыл өкмөтүнүн башчысы, К. Акматкуловдун Талдуу-Булак айыл аймагынын 2016-2018-жылдарга туруктуу социалдык өнүгүүсүнүн максатуу программасы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талдуу- Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талдуу- Булак айыл аймагынын 2016-2018-жылдарга туруктуу социалдык өнүгүүсүнүн максатуу программасы бекитилсин.(тиркеме 3 баракта тиркелет)

2. Сары- Жайык айылына таза суу тартуу боюнча проектиси бекитилсин.

3. Проектини ишке ашыруу максатында айыл өкмөтү тарабынан керектүү акча каражаты бөлүнүп берилсин.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб-сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Акматкуловко жүктөлсүн.

Төрага

Б. Матишев
