# Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2016-жылдын 26-июлундагы № 6 "Төрт-Гүл айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын чек араларын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2016-жылдын 26-июлундагы № 6 "Төрт-Гүл айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын чек араларын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/281460>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-35186/edition/743358/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2016-жылдын 26-июлундагы № 6 "Төрт-Гүл айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын чек араларын бекитүү жөнүндө" токтому (26.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/281460

---

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 26-июлу № 6 Төрт-Гүл айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын чек араларын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 токтомунун, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу окулунун 2014-жылдын 24-мартындагы № 13/11 токтомунун, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 15-февралындагы № 01-14/у 08-буйругунун негизинде Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын Төрт-Гүл айыл аймагындагы калктуу конуштарынын жана жер фондун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, депутаттардын ой-пикирлерин угуп жана талкуулап Төрт-Гүл айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын «Кыргызмамжердолбоорлоо» институтунун Төрт-Гүл айыл аймагынын жер фонду баяндаманын негизинде бекитилсин. (баяндама тиркелет)

2. Төрт-Гүл айыл аймагында калктуу конуштардын чек арасын жана жер фондусунун инвентарлоону бекитүү Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Артыковго тапшырылсын.

Төрага

М. Жалалов
