# Кызыл-Тоо айыл кеңешинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 131 "Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча жазгы талаа жумуштарынын аткарылышы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Тоо айыл кеңешинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 131 "Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча жазгы талаа жумуштарынын аткарылышы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 132
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/281424>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-35150/edition/742713/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Тоо айыл кеңешинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 131 "Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча жазгы талаа жумуштарынын аткарылышы жөнүндө" токтому (15.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/281424

---

КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Тоо айыл кеңешинин 5-шайланган 22-сессиясы

2016-жылдын 15-марты № 131 Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча жазгы талаа жумуштарынын аткарылышы жөнүндө Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 5-шайланган 22-сессиясынын күн тартибине киргизилген Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча жазгы талаа жумуштарынын аткарылышы жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча жазгы талаа иштери боюнча жүргүзүп жаткан иштери канаттандырарлык деп белгиленсин.

2. Айыл аймагындагы жеке менчик тракторлорду тургундардын айдоо жерлерин өз убагында айдап берүү үчүн техникалардын ремонттуна жакындан көмөк көрсөтүү жана мамлекет тарабынан берилип жаткан жер семирткичтерди алууга уюштуруу иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Акматалиевке милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп туруу жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А. Бакирова
