# Сары-Булак айылдык кеңешинин 2016-жылдын 6-июлундагы № 21/141 "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Булак айылдык кеңешинин 2016-жылдын 6-июлундагы № 21/141 "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21/141
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/281352>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-35078/edition/823046/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Булак айылдык кеңешинин 2016-жылдын 6-июлундагы № 21/141 "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө" токтому (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/281352

---

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын V чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы

2016-жылдын 6-июлу № 21/141 Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарга берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин башкаруу келечек планы бектилсин. (тиркеме тиркелет)

2. Сары-Булак айыл өкмөтү келечек пландын аткаруу менен айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери үчүн ижара акынын чогулушу жана пайдаланышы боюнча айылдык кеңешке маалымат берүү жагы айыл өкмөтүнүн киреше, экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адиси А. Майлыбашовага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевге тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Б.К. Элтуйбасов
