# Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2016-жылдын 8-июлундагы № 3 "Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XXXI сессиясынын № 5-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2016-жылдын 8-июлундагы № 3 "Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XXXI сессиясынын № 5-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/281163>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-34889/edition/791067/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2016-жылдын 8-июлундагы № 3 "Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XXXI сессиясынын № 5-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому (08.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/281163

---

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жалал-Абад шаардык кеӊешинин VI чакырылыш кезектеги ХXXIV сессиясы

2016-жылдын 8-июлу № 3 Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XXXI сессиясынын № 5-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 17.05.2016-жылдагы чыг.№ 06-02/1108-катынын негизинде жана “Чыйбыл Болуш” коомдук фондунун төрагасы Б. Ибрагимовдун Жалал-Абад шаарыны мэриясына Спутник айлампасына Чыйбыл Болуштун эстелигин орнотуп куруу архитектуралык ыӊгайсыз болгондугу жөнүндө катты эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XXXIV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XXXI сессиясынын № 5-токтому жокко чыгарылсын.

2. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдетендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин жана токтомдун аткарылгандыгы боюнча маалыматты шаардык кеңешке берүү жагы вице-мэрге (У. Маматов) жүктөлсүн.

4. Токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

Төрага

Э. Ормоков
