Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин «Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XXXI сессиясынын № 5-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө» токтому
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жалал-Абад шаардык кеӊешинин VI чакырылыш кезектеги ХXXIV сессиясы
2016-жылдын 8-июлу № 3 Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XXXI сессиясынын № 5-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 17.05.2016-жылдагы чыг.№ 06-02/1108-катынын негизинде жана “Чыйбыл Болуш” коомдук фондунун төрагасы Б. Ибрагимовдун Жалал-Абад шаарыны мэриясына Спутник айлампасына Чыйбыл Болуштун эстелигин орнотуп куруу архитектуралык ыӊгайсыз болгондугу жөнүндө катты эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XXXIV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XXXI сессиясынын № 5-токтому жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдетендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин жана токтомдун аткарылгандыгы боюнча маалыматты шаардык кеңешке берүү жагы вице-мэрге (У. Маматов) жүктөлсүн.
4. Токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага
Э. Ормоков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.