Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Указ Президента КР от 17 августа 1998 года УП №254 «О внесении изменений в Указ Президента Кыргызской Республики «О мерах по организации преодоления бедности в Кыргызской Республике»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 25 сентября 2013 года УП № 193 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-09-25.
КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ 1998-жылдын 17-августу ПУ № 254 Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 11-февралындагы "Кыргыз Республикасында жакырчылыкты жоюуну уюштуруу боюнча чаралар жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 11-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасында Жакырчылыкты жоюуну уюштуруу боюнча чаралар жөнүндөгү" Указын аткаруу иретинде жана Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигинин борбордук органдарынын кайра уюштурулгандыгына байланыштуу ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Жакырчылыкты жоюу боюнча улуттук комиссиянын тиркелген жаңы курамы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Жакырчылыкты жоюу боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Жакырчылыкты жоюу боюнча улуттук комиссия жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Жакырчылыкты жоюу боюнча улуттук комиссия эки жумалык мөөнөттө Жакырчылыкты жоюу боюнча улуттук фонд жөнүндө Жобону бекитсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 11-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасында Жакырчылыкты жоюуну уюштуруу боюнча чаралар жөнүндөгү" Указынын Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Жакырчылыкты жоюу боюнча улуттук комиссиясынын курамы жөнүндөгү № 1 тиркемеси;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир указдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 134 Указындагы 1-пункттун төртүнчү абзацы.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 17-августундагы № 254 Указы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Жакырчылыкты жоюу боюнча улуттук комиссиянын КУРАМЫ
Жумалиев К.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, комиссиянын төрагасы; Жангарачева М.К. - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары; Абдимомунов К.А. - Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министри; Адамбеков Д.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты; Акназарова Р.К. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы банктарды кайра уюштуруу жана структурасын өзгөртүү боюнча Агентствонун директору; Жээнбаев Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти; Жээнбаева Б.Ж. - Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясынын аткаруучу директору; Жээнбеков С.Ш. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты; Жураев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты; Исаев У.И. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондунун алдындагы инвестицияларды тике тартуу боюнча мамлекеттик агентствонун директору; Каниметов Ж.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты; Карыпкулов А.К. - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиоберүү корпорациясынын президенти; Касиев Н.К. - Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри; Кененбаева К.Н. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонддун төрайымы; Койчуманов Т.Ж. - Кыргыз Республикасынын финансы министри; Рысалиев И.З. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри; Саспеков С.С. - Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы; Усубалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы жакырчылыкты жоюу боюнча Улуттук комиссияга караштуу Улуттук фондунун аткаруучу директору; Үчкемпирова Р.М. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрайымы - министри.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Документ № 61695Указ · 25.09.2013 · № 193
- КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.09.2013 · № 193
- Указ Президента КР от 11 февраля 1998 года УП №34 "О мерах по организации преодоления бедности в Кыргызской Республике"Указ · 11.02.1998 · № 34 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Жакырчылыкты жоюу боюнча улуттук ЖОБОПоложение · 17.08.1998 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КРот 20 апреля 1998 года УП № 134 "О внесении изменений в некоторые указы Президента Кыргызской Республики"Указ · 20.04.1998 · № 134 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.09.2013 · № 193
- Указ Президента КР от 11 февраля 1998 года УП №34 "О мерах по организации преодоления бедности в Кыргызской Республике"Указ · 11.02.1998 · № 34 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КРот 20 апреля 1998 года УП № 134 "О внесении изменений в некоторые указы Президента Кыргызской Республики"Указ · 20.04.1998 · № 134 · Күчүн жоготкон