# Кыргызстан айылдык кеңешинин 2015-жылдын 11-февралындагы № 4 "Талас айылынын борбордук көчөсүндөгү бойлото тигилген бак дарактардын абалын жаңыртып жана өстүрүлүшү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргызстан айылдык кеңешинин 2015-жылдын 11-февралындагы № 4 "Талас айылынын борбордук көчөсүндөгү бойлото тигилген бак дарактардын абалын жаңыртып жана өстүрүлүшү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.02.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/281052>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-34778/edition/732700/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргызстан айылдык кеңешинин 2015-жылдын 11-февралындагы № 4 "Талас айылынын борбордук көчөсүндөгү бойлото тигилген бак дарактардын абалын жаңыртып жана өстүрүлүшү жөнүндө" токтому (11.02.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/281052

---

КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кыргызстан айылдык кеңешинин I сессиясы

2015-жылдын 11-февралы № 4 Талас айылынын борбордук көчөсүндөгү бойлото тигилген бак дарактардын абалын жаңыртып жана өстүрүлүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгы жиберген 31.12.2014-жылдын чыгыш № Т-0376 сандуу катын карап чыгып Кыргызстан айылдык аймактык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын токой Кодексинин 81-беренесине ылайык токойлордун абалына жана жаңыртылып өстүрүлүшүнө иш аракеттери жүргүзүлсүн.

2. Кыргызстан айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия курамы айыл өкмөтүнүн аймагындагы борбордук көчөсүндөгү бойлото тигилген бак дарактардын эскилиги жеткендиктен өзөгүнөн 3-4-метр калтырып бутактарын кесүүгө уруксаат берилсин.

3. Кесилген бутактар Кыргызстан айыл аймагынын жакыр үй-бүлөлөрүнө (отун) жардам катары берилсин, көзөмөлдөө жагы соц адис Т.Джунусовага милдеттендирилсин.

4. «Наристе» бала бакчасынын бак дарактардын эскилиги жеткендиктен өзөгүнөн 3-4-метр калтырып бутактарын кесүүгө уруксаат берилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргызстан айылдык аймактык кеңешинин агрардык жана айыл чарба боюнча комиссиянын мүчөсү С. Кушиевге жүктөлсүн.

Төрага

К. Оморов
